Журналист Кудурет Тайчабаров өзүнүн социалдык баракчасына ырчы Асель Кадырбекова тууралуу пикирин жазып, ырчынын кандай адам экени тууралуу оюн калтырды.

«Асель, жаша! Аселя НБТда алып баруучу болуп иштей баштаганда Нурландан биринчи Асель менен таанышкан элем. Жердеш акем экенсиз деп бир тууган акесиндей мамиле кылып, кээде тамашалап “Кудрет байке, мага баланча тийишип атат, урушуп коюңузчу!” деп калчу эле.

Кийин чыгармачылык Нурлан менен тааныштырып, экөө кыз-жигит экенин билгем. Ортодо таарыныша кетишкенде кыйналып жүргөм. Көп адам маани бербейт, бирок, экөөнүн ырлары сүйүүдөгү диалог экенин байкасаңар болот. Ал нерсени мен шүмшүк экөөнө билгизбей жаза берчүмүн.

Мисалы, “Таттуу махабатым” деген ыр Аселге арналганын Асел-бал-таттуу экенин байкаган адамдар түшүнөт.

“Башканы жаным дебе” деген Аселдин ыры Нурлан экөө таарынышып жүргөндө жазылган. Асель, Кудрет байке, мага темасы жакпайт атат десе болбой, хит болот, ырдай бер деп кыйнап эле ырдатып салгам. Анын жаңы ыры чыкса, баарыбир Нурлан угуп көрөт да, “Башканы жаным дебе” деп мага айтып атат деп ойгонот, ойлонот деген максат бар эле.

Ушундай ой менен Аселдин “Эркелет”, “Телефон”, “Жаныңда болсом дейм”, “Самап келем” деген жана башка бүт мен жазган ырлары Нурланды сүйөөрүнөн шек санатпай турган мааниде жазылган. Кимге кызык болсо ырларды угуп көрсөңөр болот. А Нурлан “Карындаш”, “Жүрөгүм”, “Тунук махабат”, “Бакыт издедик”, “Жүрөк ээси”, “Таттуу махабатым” деген ырларды ырдап чыкканда Асель мага арнап чыкты деп кабыл алып, Нурлан аны сүйөөрүнө ынанчы.

Экөөнү жараштырган ыр казактардын заказы болду. Казактар бир кино тартып, анан ал кино кыргыз рыногунан да акча тапсын деп саундтрегин кыргыздын инстаграмда подписчиги эң көп ырчыларына ырдатмай болушат. Алар Асель менен Нурлан болуп чыгат. Экөө таарынышып сүйлөшпөй жүрүшкөн. “Ашык болуу” деген ырдын клибин көрсөңөр, экөө бир кадрда кыз-жигиттин образында тартылбай коюшкан. Казакча вариантын кадимки Ринат Заитов жазган экен, мен rыргызча вариантын Асель менен Нурланга тууралап такыр башка мааниге буруп салган элем. Ошол ыр чыккандан кийин экөө табышты. Таарыныштар жазылып, үйлөнүштү. Ошондон бери Аселге ыр жазбай деле калдым. Карындашым өз ордун тапты, эми күйөөсү ойлонсун анын чыгармачылыгын деген ой болду окшойт.

Балким Асель мыкты ырчы эместир, балким эң мыкты жубай эместир, балким ал кыйын блогер эместир, бирок, эң башкысы Асель жакшы адам. Бирөөгө катуу айталбай өзү кыйналып жүрө берет.

Бирөөнүн кайгысына когулуп өзү кошо страдайтетип алган боорукер асанкайгы адам. Аселдин бир АДАМ экенин далилдеген окуяны айтып берейин: Мен автокырсыкка кабылып моралдык жактан да, материалдык жактан да өтө кыйналып калдым. Бир күн Асель чалып калды.

«Кудрет байке каяктасыз, Сизге жолугуп кетейин дедим» эле деди. Келип 1 белек салчу кагаз баштыкка белек менен кошо конверт берди. “Кудрет байке, Вы всю жизнь мне помогали, но когда Сиз кыйналганда мен жардам бере албай атканыма кыйналып кетип атам, азыраак болсо да кабыл алып коюңузчу” дейт. “Аселя, мен кыз баладан жардам ала албайм, мен анчалык кыйналган жокмун, финансовые проблемы – это расходы, эю башкысы мен аман калдым дедим.

“Мен Сиздин карындашыңызмын го, Сиз мени колдогондо мен отказ кылбай, анан мен Сизге ответ кылсам ушинтип коесузбу” деп болбой конвертин берип кетти. “Бул сумма өтө аз, чын айтам, Кудай турат, эгер колуман канчалык жардам келсе баарын бермекмин” деп от души айтып кетти. Асель кеткенден кийин ичин ачсам 500 доллар экен. 500 доллар кирешеси жок бойдок кыз үчүн өтө көп болчу.

Ал кезде инстаграмдан акча тапмай жок, тойлорго чыкмай жок эле.

Көзүмө жаш тегеренип, бир чети ыраазы болуп, бир чети ачуум келип. Ыраазы болгонум, ошол акчага Асель акыркы үлгүдөнү телефон алып алса болот эле. Телефону жөнөкөйүрөөк эле.

Ачуум келгени ушу кыз баланын колдоосуна муктаж болуп калганым, андан катуу тийгени, өмүрүмдө канча адамга пайдам тийсе да, ушул тырнактай кызчалык жүрөк ыраазы боло тургандай ответка кыла алышпаганы болду. Себеби, Асель колунда болгон капиталынын баарын берип атканы бир бөйрөгүн берип ийгендей эле сезим калтырды.

Эми ушул жүрөгү тоодой карындашым кырсыкка кабылып, 2 дүйнө ортосунда турганын угуп, көзгө жаш тегеренип, жардам бере албашыма көзүм жетип туталанып турган чагым. Аселдин учурунда тагдырын акча чечпейт, Аллах чече турган болуп атат.

Урматтуу достор! Сиздерден бир сураныч, намаз окуп дуа кылаарда менин бир өтүнүчүмдү эстеп Асель айыгып кетишин жараткандан сурап, бата кылып койсоңуздар.

Жамаат менен тиленген баталар, Кудай жолунда жүргөн адамдардын батасы кабыл болооруна ишенем! Асель, сен жашашың керек! Дария үчүн жаша! Нурлан армандуу ырларды ырдап калбаш үчүн жаша! Апаң үчүн, бир тууганың үчүн жаша! Канчалык катуу айтса деле Кудрет байкең сени жакшы көрөт! Нурлан экөөңөрдүн ыр түрүндөгү диалогуңар бүтө элек…», — деп жазган Кудрет Тайчабаров.