Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыктан алты киши каза болду. Бул тууралуу  Чүй ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кырсык эртең мененки саат 06:00 чамасында болгон. Анда Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу айым болгон.

“Сосновкадан анча алыс эмес жерде жайгашкан Бекетай айылынын тушунан Lexus RX350 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жыйынтыгында жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан алты киши каза болду.  Мерт кеткендердин арасында 2014-жылы туулган өспүрүм болгон. Анын баары жолтандабастын жүргүнчүлөрү болчу”, — деди маалымат кызматынын өкүлү.

Бардык материалдар Жайыл райондук Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген.