Бишкекте ысык суу 29-июнда бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, ысык сууну берүү баскыч-баскыч менен жүргүзүлүп, 3 күнгө созулат. Биринчи кезекте ысык суу медициналык мекемелерге жана башка социалдык мекемелерге берилет.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарына ысык суу “Бишкекжылуулук тармактары” (“Улуттук энергетикалык холдингдин” карамагындагы компания) жана “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы тарабынан берилет.

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын телефон номерлери:

Абоненттик кызмат: 212847;

Эсептик бөлүм: 212845;

Жылуулук энергиясын эсептөө жабдыктары жана ысык суунун көрсөткүчтөрүн кабыл алуу боюнча бөлүм: 492535, 212804.

“Бишкек жылуулук тармактары” ААКсы:

— (0312) 61-11-69 – керектөөчүлөрдү колдоо борбору;

— 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун нөөмөтчү инженерлери;

— 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун нөөмөтчү инженери;

— 56-85-58 – диспетчердик кызмат.