Нарында 225 орундуу мектептин курулушунун пайдубалы салынды

587

Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында Керимбай уулу Сарыбай атындагы 225 орундук мектептин курулушу башталып, капсула салынды.

Мектеп авариялык абалда болуп, 2018-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов жеринен таанышып, парламенттик жыйындарда маселени көтөрүп, курулуш иштерин баштоону демилгелеп келген. Капсула салууга депутат, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, пандемияга карабай билим берүүгө, өзгөчө көңүл бөлүү зарылчылыгы бар экендиги айтылды.

2019-жылы титулдук тизмеге кирип, 3 млн сом бөлүнсө, дагы 20 млн сом которулушу күтүлүүдө.

Ошондой эле, Нарын районундагы 68 билим берүү мекемелеринин веб сайттарын ачуу үчүн, эл өкүлү Алмазбек Акматов каражат бөлүп берди.