Эмгек сиңирген ырчы Самара Каримованын иниси Сагын Каримов кыздуу болуп, атын легендарлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы менен аташты. Бул тууралуу, ырчы кубанычы менен тең бөлүшүп, өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.
View this post on Instagram
Сүйүктүү апам, атам небереңиздер кут болсун! Сагынбек сен төрөлгөндө баарыбыз абдан кубанганбыз! Мына Аллахым насип этип өзүң ата болдуң! Азизам экөөң бактылуу болгула, көп балалуу болгула! Көз ,сөз тийбесин ылайым! Атам небересин Легендарлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын атын койду! Сиңдибиздин аты Таттыбүбү! Өмүрү узун болсун! Бактылуу, дөөлөттүү, ыймандуу кыз болсун! Интернеттеги досторго сүйүнчү оюн өткөргөн элем, 6000ден ашык комментарий келиптир (инста,ютуб, фб, одк) эң биринчи болуп @insta_avatarka_kg_ баракчасы Таттыбүбү деп туура тааптыр, 1000сом бирдик салдым сизге( строристе скриндер) ! Бардык каалоо- тилектер үчүн чоң рахмат! @_azizakarimova @sagynkarimov
A post shared by 🇰🇬Заслуженная артистка КР🇰🇬 (@samarakarimovasinger) on Jun 28, 2020 at 1:52am PDT