Аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча Бразилияда акыркы сутка ичинде 30 миң адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган.
Бүгүнкү күнгө карата аталган илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 1 344 143 адамды түзсө, алардын ичинен 57 622 адам каза болгон.
Акыркы сутка ичинде 30 476 адам вирус жуктуруп алса, 552 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми бул оорудан айыккандардын саны 733 миң адам.