Жон Хопкинс университетинин билдирүүсүнө ылайык жаңы түрдөгү коронавирустун курмандыктары дүйнө жүзү боюнча 500 миңден ашты, тагыраак айтканда жекшемби күнгө карата алынган маалыматтар боюнча аталган илдеттен 500 108 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. Каза болгондордун көпчүлүгү АКШга туура келет – 125 714 адам.

ДССУ тараткан акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзү боюнча бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 10 063 319 учурду түзүп, 500 миңден ашык адам каза болгон.

Россияда бул илдетти 634 миң адам жуктуруп алган болсо, ошол эле учурда 399 миңден ашуун адам ооруп айыккан.