«118» кызматына кошумча күчтөр тартылат. Бул тууралуу премьер-министр  Кубатбек Боронов  айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Жуманын башында «118» кызматына күн сайын 40-50 тегерегинде чалуулар түшсө, учурда кайрылуулардын саны 13 эсе өстү. Ошондуктан биз болушунча көп адамдын суроосуна жооп берүү үчүн кеңеш берүү кызматынын адистеринин санын көбөйтүү чечимин кабыл алдык. Консультация же медициналык жардамга муктаж ар бир жаранга өз убагында жардам көрсөтүлүшү керек», — деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Медициналык тез жардам кызматынын ашыкча жүктөмүн белгиледи.

«103 кызматына Бишкек шаары боюнча эле өткөн суткада 4561 чалуу түшкөн. Медицина кызматкерлерибиз көп бөлүгүн тейлей алышты. Кээ бири телефон аркылуу кеңеш алышса, айрымдарына медициналык бригада барды. Бардыгына барууга дарыгерлерибиз жетишпей жатышат. Ошондуктан тез жардам унааларынын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды. Кийинки жумадан тартып дагы 20 медициналык тез жардам бригадасы ишке киришет», — деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы тез жардамдын ишин бейтапты ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынган соң, аны кайсы ооруканага алып барууну бригада так билгидей толук кайра уюштурууну тапшырды.

«Тез жардам бригадасы орун издеп шаардын ооруканаларын кыдырып жүрбөсүн. Адамдар тез жардам унаасы медициналык мекемеге келгенден кийин кезек күтүп калып жатканына даттанышууда. Алар кезексиз тейлениши керек. Ошондуктан тез жардамдын жана ооруканалардын ишин шайкеш келтирүү шарт. Буга байланыштуу алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча координаторду дайындоону тапшырам. Жарандар тарабынан нааразычылыктар болбошу үчүн бул маселени тезинен чечүү керек», -деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы медициналык мекемелердин ишин күчөтүү үчүн аскер комитеттеринде мобилизациялык иштер жүргүзүлүп, анда ар кандай деңгээлдеги аскерге милдеттүү медицина кызматкерлеринин тизмеси такталганын билдирди.

«Зарылдыкка жараша аларды кыска мөөнөткө чакырууну уюштурууга болот. Мындан тышкары медициналык жогорку окуу жайлардын медициналык факультети бар университеттердин жогорку курсунун студенттерин, ошондой окуу жайдын мугалимдерин ишке тартуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Эгер алар ишке тартылса тиешелүү компенсациялык төлөмдөр төлөнөт», — деди Боронов.