Бишкекке  дарыгерлер керек. Шаардык мэрия камкор жарандарга, тургундарга, интерндерге, дарыгерлерге жана вирусологдорго жардам сурап кайрылды.

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, дарыгерлер, эпидемиологдор март айынан бери тынбай иштеп жатышат, алар чарчап, ооруп жатышат. Ооруп жаткан мекендештерибиздин саны көбөйгөндүктөн, дарыгерлер жетишсиз », — деди мэрия.


Жардам берүүнү каалагандар 0558755577, 0554994949 номерлери боюнча ыктыярчыларды чогулткан дарыгер Шакир Турсунбаевге кайрылууну өтүнөбүз.