Отуз жыл ички иштер органдарында кызмат өтөп келе жаткан милиция кызматкерлерин табылга деп койсок ашыкча кетпестирбиз, окурман. Айтайын дегеним, 30 жыл -жаңы төрөлгөн наристе акыл-эси толгон эр азаматка айланып, бала-чакалуу болуп өзүнчө шаар болуп калган кези. Бул мезгил арасында милиция кызматында иштеген адамдын  бай тажрыйбасы, акыл-насааты өзүнчө бир  чоң казынага айланат. Ал казына-жаш муундардын келечеги табылгыс нерсе. Биз бүгүн мына ушундай бай тажрыйбанын ээси-Бакай-Ата РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору Абжалбеков Нурлан Союзбековичти Сиздерге тааныштырабыз. Кеп кезеги Нурлан мырзанын өзүнөн болсун анда.

ЖАШ ЛЕЙТЕНАНТТЫН «СУРАГЫ» ЭСТЕН КЕТПЕЙТ…

Эл катары орто мектепте окудум. Биз окуп жүргөн мезгилде мектепте тартип, талап абдан катуу болчу. Мектепке келген формачан милиция кызматкеринен тургай, мугалимдерибизден сестенип турчубуз. Агай-эжейлерибиздин айтканы мыйзам болчу. Ар бир сабакты тырышып окуп, даярданып эле олтурчубуз. Бир жолу күндөгүдөй эле сабак жүрүп жаткан, эшикти ачып класска бир милиционер кирип келди. Жаш лейтенант бала экен. Тынч эле отургам, бирок мени тургузуп алып: «Эмне үчүн тынч олтурбай жатасың?» деп сурап кирди. Унчуккан жокмун, анткени биз милицияга эмес, мугалимдерге сүйлөй алчу эмеспиз да! Эстесем ал кезде милициянын кадыр-баркы абдан күчтүү болгон экен, азыркы кыргыз милициясынын кадыр-баркы да илгеркидей бийик деңгээлге жетсе экен деген аруу тилек, менимче, ар бир эле адамдын жүрөгүндө жашайт болушу керек…

Алгач милиция болуу оюмда деле жок болчу, бирок арадан убакыт өттү. Убакыттын өтүшү менен адам өзгөрөт эмеспи, аскерде 3 жыл кызмат кылдым. Аскерден кийин Фрунзе шаарына келип заводго ишке орноштум. Милицияда иштеген тааныштарымдын таасири тийдиби, сунуштарын ойлонуп көрүп, ошентип 1989-жылы  күзөт кызматына келип кирдим. Бир жылдай ал кызматта иштеп, андан кийин кайгуул-күзөт кызматына которулдум. Дал ушул кызматта милициянын ишин үйрөнүп, далай жолу борборубуздун көчөлөрүндө кайгуулда жүргөнүм али эсимде. Билим алуу керектигин түшүнгөн соң, 2 жылдык милициянын атайын орто мектебинде окуудан өттүм.

ЖАМАН СӨЗ АЙТПА, ЭЛ ЖАМАН НЕРСЕНИ БАТ КАБЫЛДАЙТ…

Погон тагынып жүргөн соң, буйрукту аткаруу үчүн кайсыл гана жерге бар дебесин, аттанып жөнөп кете берет эмеспизби. Мен да көп жерде иштедим. Окуумду аяктагандан кийин жолдомо менен ушул Бакай-Ата РИИБине келип, тергөөчү, ыкчам кызматкер болуп эмгектендим. Арадан бир жарым жылдан кийин үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу Бишкек ШИИББнын Свердлов РИИБине тергөөчү болуп которулуп, 3-4 жылдай кызмат өтөдүм. Кийинки жылдары Чүй-Токмок ШРИИБде аймактык тескөөчү, нөөмөткерликти аркаладым. Кайрадан Талас облусуна которулуп, аймактык тескөөчү, тергөөчү болуп бир топ жыл бою эмгектендим.

Бакай-Ата РИИБинде иштегениме 2 жылга аяк басып, бөлүмдүн эң улуусу катары насаатчылыкты да аркалап келем. Жаш кызматкерлерге акыл-насаатымды айтып, өз иштерине так, туура мамиле жасаш керектигин, форманы чыкыйтып кийүү зарылдыгын айтуудан тажабайм. 2000 адам чогулган жерде бир милиция кызматкери бар болсо, эл дал ошол кызматкерди карайт, көңүл бурат. Эл менен сылык мамиледе болгула, жаман сөз сүйлөбөгүлө, жакшы сөз менен элди өзүңөргө тарткыла дейм.  Турмушта жакшы нерсе эмес, жаман нерсени адамдар бат кабылдашат, андыктан форма кийип туруп жаман сүйлөбөй, эл уга турган жакшы сөздөрдү айткыла дегенден тажабайм…

ИШИБИЗ ЫРГАГЫНАН ЖАЗГАН ЖОК

2019-жылдан баштап жаңы мыйзам, жаңы кодекстер ишке кирди, албетте, жаңыдан башталган нерсенин өйдө-ылдыйы болот. Алгач кыйналдык, бирок «көч бара-бара түзөлөт» дегендей, ишибизди бир нукка салууга жетиштик. Ишибиз ыргагынан жазган жок, мурункудай эле жүрүп жатат. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып дегендей, өздүк курам ынтымактуу иш жүргүзүп келе жатабыз.

Тергөө кызматы татаал жана түйшүктүү экенин эч ким тана албайт, анткени бизге белгиленген убакыттан тышкары иштөөгө туура келет, керек болсо түнү жатып калып да иштейбиз кээде. Азыр тергөө канча ишти сотко жөнөтөт, канча иш кыскарат, ошону карап жыйынтык чыгып калбадыбы, андыктан тергөө, жоруктар боюнча иштөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек деп ойлойм. Эски менен жаңы мыйзамдын айырмачылыгы асман менен жердей, мурдагыга караганда иш көп катталып жатат. Дагы бир айта кетчү нерсе, бизде бир гана эксперт-криминалист бар. Ал кызматкер күн болобу, түн болобу, тергөөчү менен чогуу окуя болгон жерге чыгууга даяр турушу керек эмеспи. Ушул маселе да чечилсе жакшы болмок…

КЫЗМАТЫМ МЕКЕНГЕ!

Милиция кызматы жоопкерчиликтүү жана опурталдуу кызмат. Кызматкерлер түрдүү кырдаалдарда иш жүргүзүп келишет, мынакей азыркы мүнөттө да коркунуч туулуп калышы мүмкүн деп эсептейм. Бирок, биздин кызматкерлер ал нерсеге көнүп калышкан. Мен басып өткөн 30 жылдан ашуун убакытта  түрдүү кырдаалдарга тушуктум, башты канжыгага байлап кызматка аттанган учурлар да кездешкен. Эсимде, 1993-жылы Ушул Бакай-Ата районунда чоң талап тоноочулук катталып, ыкчам кызматкерлердин курамында жөнөп кеттим. Кылмыштуу топтун арасында бир аял бар деген маалымат алдык. Мен анда жаңыдан окууну бүтүп келген кезим. Кылмыштуу топту түнү келип калышы мүмкүн деп, эки-экиден бөлүнүп,  улук ыкчам кызматкер  экөөбүз шектүүлөр келиши мүмкүн делген үйдүн ичине кирдик. Мен кызматка жаңы келгенмин дебедимби,  биринчи жолу мындай кармоо операциясына чыккан убагым. Эки кызматкер сыртта калды. Менин жанымдагы өнөктөшүм кылмышкерлер кирип келсе кантип кармоо керектигин, алардын куралы бар болушу мүмкүн экендигин түшүндүрдү. Бир топко күттүк, бирок эч ким келген жок. Эми келишпейт го деп чыгып баратсак, эшик такылдап калды. «Келди».-деди кесиптешим…Мен белгиленген жерде-эшиктин артында турам, шектүүлөр кирип келе жатышат… Эстесем ошол кезде менде бир коркуу сезими деген түшүнүк болбоптур. Туш-туштан качырып келип, акыры кармадык шектүү адамдарды, арасында чындап эле бир аял бар экен…

Милицияда иштеп жүрүп үй-бүлө курдум, бала-чакалуу болдум. Кызым менин жолумду жолдоп юрист. Жолдош-жоро, дос таптым. Турмушта керектүү нерселердин баарын жасадым. Милиция тартипти, мыйзамдуулукту сактоодо мамлекетке, элге эң керектүү кызмат деп билем. Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн ар бир жаран өз салымын кошуп, аракеттениши керек. Ал үчүн мен дайыма кызмат кылганга даярмын!

Карина Акимова,

сүрөтү Данислан Асамидиновдуку