Илон Масктын билдирүүсү боюнча америкалык Tesla электроунааларын жасап чыгаруучу компания АКШ бийлигинин салыктык субсидияларын албай калды.
“Чын-чынына келгенде, Tesla АКШдагы башка автоунаа өндүрүүчү компанияларга салыштырмалуу “өтө эле аз өлчөмдө” субсидия алчу-деп жазып калтырган өз Twitter баракчасына аталган компаниянын башчысы.
Белгилей кетчү нерсе, Tesla Motors америкалык компания 2003-жылы негизделген. Компаниянын штаб-квартирасы Калифорния штатындагы Пало-Альто шаарында жайгашкан. Электр унааларынан сырткары компания өз технологиясынын негизинде батареялар менен электр кыймылдаткычтарды өндүрүп, негизинен аларды Toyota жана Daimler компанияларына сатат.