Экс -президент Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова көз жумду. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелер фонду” кабарлады.

Алардын айтымында, акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Аламүдүн районунун Байтик айылында өтөт.

Салийка Даниярова 1925-жылы Талас облусунда туулган. Кырк жыл мугалим болуп эмгектенип, сегиз баланы тарбиялаган.

Kadam-media.kg маалымат порталы, Роза Отунбаевага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтабыз.