Ош шаарынын аймагында «Тилемчи» профилактикалык рейди өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп жаткан рейддин негизги максаты тилемчилик менен күн өткөрүп жаткан жарандардын арасындагы коронавирус илдетинин алдын алуу, алардын укуктарын коргоо менен биргеликте алар тарабынан дагы укук бузууларга жол бербөө болуп саналат.

«Рейддин жүрүшүндө айрым жарандар жашоо муктаждыгынан улам ушундай ишке барууга аргасыз болсо, айрымдары акча табуунун жолу катары салтка айландырып алышкан. Мындай адамдар өздөрү дагы башкалардын кыймылына тоскоол болушуп, жол жээгине чыгып алып, жол кыймылынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатат, жаш балдардын укуктарын бузушуп, тилемчилик менен күн көрүүгө түртүп жатышат. Рейддин биринчи күнү башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жол боюнда отурган 20 тилемчи кармалды. Чындап жардамга муктаж болгон 4 жаран боорукердик үйүнө, 4 жаш бала балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Калган жарандарга эскертүү берилди», — деп маалымдашты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.