Индиянын Керала штатында активист Рехана Фатима камакка алынды. Себеби  ал жылаңач денесине  жаш балдарга  сүрөт тартырткан  жана бул видео соцтармактарга таркап, интернет колдонуучулардын кызуу талкуусун жараткан. Бул тууралуу Hindustan Times  билдирди.

Ал көз ооруларына байланыштуу эс алып жатканда балдарга денесин боёп кетүүгө уруксат берген.

Видео жарыялангандан кийин, Бхаратия Жаната Парти консервативдик партиянын өкүлү полицияга арызданган. Ал Фатиманын бул кылыгы балдар порнографиясын түзөт жана балдарды сексуалдык зомбулуктан коргоо жөнүндө Индиянын мыйзамын бузат деп ырастаган.

Камакка алынгандан кийин, активист сексуалдык материалдарды электрондук жол менен тараткан жана Индиянын Ювеналдык юстиция мыйзамынын жоболорунун бирин бузган деп айыпталган. Балдарды жыныстык зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзам бузулганбы же жокпу азырынча аныктала элек.

Фатиманын аракеттери бир нече жолу консерватордук активисттердин нааразычылыгын жараткан. 2018-жылы ал буга чейин аялдарга тыюу салынган Кераладагы Сабаримала — индус зыяратына барууга аракет кылган. Бул чуулгандуу окуяга алып келип ,Мусулман Жамааты анын чыгарылышын талап кылып, демонстранттар анын үйүн талкалашкан.

 2019-жылы консервативдик активист Фатиманы ишенгендердин сезимдерин басмырлаган сүрөттү жарыялаган деп айыптаган. Ал камакка алынып, эки ай түрмөдө отурган.