Бадыраңдын түшүмдүүлүгүн артырууда  сүт менен йоддун аралашмасы  жакшы натыйжа берет. Сүттүн өзү жашылчаларды органикалык элементтер менен камсыз кылат, йод, өз кезегинде, жемиштерди зыянкечтерден коргоого жардам берет.

Сүттө өсүмдүктүн өсүшү үчүн баардык нерсе бар: магний, марганец, темир, азот, фосфор жана калий. Сүт менен азыктандыруу түшүмдү мол берип эле калбастан, мөмөлөрдүн көлөмү да чоң болот.

Йоддун курамында жез бар, ал фотосинтез процессин жүргүзүп, азот менен углеводдордун алмашуусун жакшыртат. Мындан тышкары, йод антисептик  катары  бадыраңдарды зыянкечтерден коргойт.

Эң башкысы сүттүн майлуулугуна карап, суу кошуу менен жаңы чыккан көчөт суугарылат. Бул ыкма ар кандай аба ырайында өсүмдүктү коргой алат.