Бүгүнкү каарманыбыз Рыскулов Жаныузак Айбекович. Жаныузак азыр 7 гана жашта. Сүрөттө көрүп турганыңыздардай кадимки милиция кызматкериндей кийинген Жаныузак “Мага атамдын кийими (Формасы дегени) аябай жагат. Анан чоң апам да мага атамдыкындай кийим жасатып берди. Эми мен да машиналарды токтотуп, бандиттерди камайм. Атам менен жумушуна барып, кө-өп милицияларды башкардым. Чоңойгондо да башкарам”-деген бал тилдүү балалык аруу максатын тыкылдап айтып, честь берип туруп өзү айткандай жумушуна (ойногону) басып кетти.

 Балалык кыялында келечектеги ордун азыр эле таап алган Жаныузактын атасы Айбек Жумагулов ИИМдин ЖКККББнын адистештирилген ротасынын командиринин орун басары кызматын аркалайт. Келечектин тартип сакчысы максатын артынган жаныузактын атасы Айбек мырзага айрым соболдор менен кайрылдым.

Айбек Жумагулов: «Уулум менин жолумду жолдосо билгенимди үйрөтүп, жол көрсөтөм»

-Айбек мырза, уулуңузга атайын форма тиктирип берип, фотосессия жасооңуздарга эмне негиз болду?

-Форманы атайын тиктирүүгө баламдын каалоосу себеп болду. Анткени, менин формама абдан кызыга берчү. Үйдөн фуражкамды чоң экенине карабай кийип, анан сүрөттөргө түшө берет эле. Бир күнү чоң апасы «Балама өзүнө чак форма тиктирип берем»-деп айтып калды. Ошону менен үйдө кадимки формачан кичиненекей милиция да пайда болду. Анан ара-чолодо убакыт таап, формасын кийгизип алып атайын жумушума алып барып, сүрөттөргө түшүп келдик. Балким, чоңойгондо бул жасаганыбыз балалыгынын жакшы эстелиги болоор.

-Келечекте милиция болушун каалайсызбы?

-Баланын максат, кыялын ишке ашырууга ар бир ата-эне аракет кылат эмеспи. Кудайым буйруса балам өзү кайсы кесипти тандабасын аны колдойм. «Ата кесибин улоо»-деп коет го. Эгер менин жолумду жолдоп, милиция тармагынын өкүлү болсо билгенимди үйрөтүп, жол көрсөтөм. Балким башка кесипти тандаар, аны келечек көрсөтө жатаар.

-Уулуңузга ата катары тарбия берүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

-Бала деле негизги тарбияны үйдөн ала баштайт экен. Ата кандай болсо бала ошого карап түздөнөт. Андыктан баланын алдында ата ар дайым жакшы гана сапаттарын ачышы керек. Азыр кичинекей болсо да күнүмдүк жашоодо чынчыл, намыстуу, акылдуу болууга үндөп келем. Келечекте мекенинди сүйгөн, эл үчүн кызмат кылган кыргыздын чыгаан жигиттеринен болсо деп тилек кылам.

— “Балам балалуу болгондо билесиң”-деген сөз бар. Уулдуу болуп, аны тарбиялап өстүрүп жатасыз. Ушул мезгилде атаңыздын сизге кылган тарбиясы, камкордугу уулуңузду тарбиялоодо сабак болуп берүүдөбү?

-Албетте, атамдын мага берген тарбиясы, камкордугу баа жеткис. Мен да балама мамиле кылууда атамдай болууну көздөйм. Атамдын ар-бир сөзү, жасаган аракеттеринин баары азыр да мен үчүн сабак. Азыр да атамдан кеп кеңеш алып турам.

Айдай Акылова