Мэрия сөз эркиндиги үчүн тынчтык жүрүшүнөн кийин дезинфекция жүргүзөт. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Дезинфекция Бишкек шаарында кандайдыр бир саясий процесстерге байланыштуу эмес жана борбор калаада үч ай бою жүргүзүлүп келет.


Муниципалитет адамдардын ден-соолугун сактоо үчүн коомдук иш-чараларды, анын ичинде тынчтык митингдерин өткөрбөй турууну  сунуштайт деп кошумчалады.


«Биринчиден, биз бардык күч-аракетибизди топтоп, аларды тез жардам машиналарын сатып алуу, ооруканалардагы керебеттердин санын көбөйтүү, 118 байланыш борборунун ишинин сапатын жакшыртуу, тез жардам бригадасын колдоо жана мобилдик медициналык топторду куруу сыяктуу маселелерди чечүүгө багытташыбыз керек»,
— деп белгилешти мэриядан.

Эске салсак, бүгүн “RЕ aкция 3.0” аталышындагы, сөз эркиндиги үчүн жарандык тынчтык акциясы өтүүдө. Активисттер Эркиндик бульварындагы темир жол бекетинен Ак үйгө чейин жүрүшөт. Акцияга100гө жакын адам чыккан, алардын арасында саясатчы Өмүрбек Текебаев, ырчы Зере, активисттер жана коомдук ишмерлер бар.