Президент Сооронбай Жээнбеков  «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты анын нормаларын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.