Ош шаарынын мэриясынын дагы 4 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Ош шаарынын мэриясынын дагы 4 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 27-июнда Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Ага чейин мэриянын бир кызматкери коронавирус жуктуруп алганы айтылган. Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондор обсервацияга алынган.