Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери “Ардак” грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу, Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын бир катар кызматкерлери өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана анын алдын алууда, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кошкон зор салымдары үчүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Ардак” грамотасы менен сыйланып, калган бир катар кызматкерлерге “Алкыш” жарыяланды.

Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын жетекчилик курамы менен бирдикте Бишкек ШИИББнин Криминалдык милиция кызматынын бөлүм башчысы милициянын подполковниги Баймырзаев К. өздүк курамга сыйлык тапшыруу менен бирдикте коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө Милициянын кайгуул кызматынын аткарып жаткан иштерин терең баалап, өздүк курамга бекем ден соолук, жана кызматына ийгиликтерди каалоорун билдирди.