Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Буга чейин мамлекет башчы Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан. Бул күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эртең, 30-июнда мамлекет башчы Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өкмөт мүчөлөрү мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.