Миграция кызматы сырттан келген 11 миң кишиге жумуш караштырып жатат

311

Өлкөгө  пандемия мезгилинде жалпысынан 11 миңге жакын адам кайтып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Бактыгүл Айдакеева , “ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү: пандемиядан кийинки мезгилге божомолдор” деген темада уюштурулган тегерек столдо сөз сүйлөп жатып билдирди.

“Кайтып келгендер жумушсуздардын катарына кошулушту. Пандемиядан улам иши барлар дагы аралыктан эмгектенүүгө аргасыз болууда. Биз Эмгек министрлиги менен бул маселени чечүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анда кайтып келген жарандарыбыздын квалификациясын жогорулатуу боюнча кеп жүрүп жатат. Бирок аралыктан иштөө талабына өзгөртүү киргизүү кыйын, анткени бир катар суроолорду чечүүдө ыңгайсыздык жаратат”, — деди ал.