Коронавирус менен ооругандарды дарылоо алгоритми өзгөрдү-министр

Өлкөдө коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо алгоритми өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

“Ооруларды дарылоо алгоритми өзгөрдү. Эми бул инфекция менен ооруган бейтаптар мурдагыдай 14 күн ооруканада жатпайт. 4-5 күндөн кийин деле дене табы түшүп, нормалдуу болуп калса, алар үйлөрүнө чыгарылат. Муну дарыгерлер бейтаптын абалына карата алынган анализдердин негизинде чечет”, – деди министр.