Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков медициналык тез жардам унааларынын техникалык абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

«Түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу мобилдик бригадалардын жетишсиздиги байкалууда. Интернет тармагында тез жардам бригадасы кеч келип, же таптакыр келбей жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр көп болууда. Тез жардам унааларына муктаждыкты жабуу үчүн Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун унааларынын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды. Линияга чыкчу 15 автоунаа 2018-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтык жактарына карата кылмыш иши козголгондугуна, документтердеги көйгөйлөргө байланыштуу пайдаланылбай турган. Реанимациялык унаалардын жетишсиздигин эске алуу менен аларды линияга чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул маселе укук коргоо орган өкүлдөрү менен макулдашылды. Бул иш боюнча иликтөө параллелдүү түрдө улантыла бермекчи», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин маалыматы боюнча унаалар техникалык кароодон өткөрүлүп, пайдаланууга жарактуу катары таанылды. Реанимациялык унааларда жасалма дем алдыруучу жана башка жабдуулар толук жабдылган, бул жеринде медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

«Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети мобилдик бригадалар үчүн дагы 5 унаа берди. Жыйынтыгында бүгүнкү күндөн тартып 118 жана 103 кызматтарына кошумча 20 тез жардам бригадасы чыкты. Медициналык персонал түзүлгөн. Бул жагдайды оңдоого көмөк берет деп ишенебиз», — деп жыйынтыктады Алмазбек Баатырбеков.