Борбор калаада сөз эркиндигине арналган жүрүштүн катышучулары бир да таштанды таштабады. Бул тууралуу  мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 29-июнда #REакция3.0.митинги өтүп, тынчтык митингинде миңдеген катышуучулар Эркиндик бульварынан баштап “Ала-Тоо” аянтына чейин жүрүшкө  чыккан.

“Тазалык” муниципиалдык иш-канасынын кызматкерлери бир да таштанды ыргытылбаганын айтып, акцияга чыккандар таштандыларын өздөрү менен кошо алып кеткенин билдирген.