2020-жылдын 27-июнунда «Чечме-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары күйүүчү майлоочу заттын аткезчилик жол менен алынып өтүшүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 27-июнунда 1971-ж. туулган Өзбекстандын Д. А., аттуу жараны башкарган КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа Кыргызстанга келген. Автоунааны текшерген  чек ара кезмети унаанын документинде көрсөтүлбөгөн кошумча бакта 2,5 тонннадан ашык күйүүчү май бар экендигин аныкташкан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жараан жана күйүүчү майлоочу зат КР МБКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.