Кара-Балта шаарындагы спирт заводу ачылат, — деп кабарлайт КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган министрликтин башчысы Эркинбек Чодуев «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына барган. Алты жылдан бери иши токтоп турган завод толук ремонттон өтүп, ачылуу алдында турат.

Завод директору Таалайбек Далбаевдин айтымында, заводдон чыккан продукция 100 пайыз Россияга экспорттолот. Россиянын Коргоо министрлигинин ишканалары менен келишим түзүлгөн.

Учурда заводду ишке киргизүү иштери толук бүткөрүлгөн, эми сырьену жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.