502 адамдын өмүрүн жалмаган соода борбору

483

Мындан туура 25 жыл илгери Сеулда XX кылымдагы эң ири техногендик катастрофа болуп өткөн. Тагыраак айтканда, 1995-жылдын 29-июнунда Түштүк Корея мамлекетинин борбор шаарындагы соода түйүнү көз ачып-жумганча кыйроого учураган.

Мунун натыйжасында 1,5 миң адам урандылардын алдында калган. Жабыркагандарды куткаруу операциясынын жүрүшүндө бардыгы болуп 937 адам урандылардын алдынан тирүү чыгарылган.

Куткаруу иштери дээрлдик үч жумага созулган. 19 жаштагы Парк Сеунг Хьюн аттуу кыз урандылардын алдынан тирүү чыгарылган адамдардын акыркысы болуп саналат. Белгилей кетчү нерсе, Парк Сеунду куткаруучулар урандылардын алдынан 17-күн дегенде табышкан.