Кыргыз Республикасында COVID-19га байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, азыркы учурда кадрлар резервине киргизүү үчүн медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жалпысынан тизме боюнча 870 адам, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 518, Чүй облусу – 42, Ысык-Көл облусу – 76, Талас облусу – 70, Нарын облусу – 67, Жалал-Абад облусу – 8, Баткен облусу – 48, Ош и шаары жана Ош облусу – 41, анын ичинде 207си медициналык билим берүү уюмдарынан. 
Бардыгы болуп резервде 302 ординатор бар.

Резервдегилердин мультидисциплинардык медициналык бригадаларын окутуу үчүн 5 күндүк программа иштелип чыкты. Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда.
Окутуу 2020-жылдын 30-июнунда башталат.