Жалал-Абад областынын аймагындагы «Бишкек-Ош» автожолунун «Маданият-Жалал-Абад» участогун реабилитациялоо боюнча долбоорунун алкагында бүгүн асфальттоо иши башталды.Ага, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов баштаган тиешелүү жетекчилер катышты.

Жолду курууга буйрутмачы болуп, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, ал эми башкы иш алып баруучу Азербайджандык «АзВирт» компаниясы эсептелет.Каржылоо жагы Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАБ) тарабынан колдоого алынган.Анда жалпысынан 67 чакырым жолду реаблитациялоо пландалган.2018-жылдын 18-июнь айынан баштап курулуш иштери башталган. Курулуш иштерине жергиликтүү мекеме ишканалар да тартылган.

Тилекке каршы Евразия өнүктүрүү банкы, каржылоону токтотуп койгондугуна байланыштуу иш башталгандан кийин эле токтоп калган.Мындан улам Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги маселени чечүүгө ар тараптуу аракеттерди көргөн, бирок 2 жылдай жол куруу иштери токтоп турган.Быйыл 2020-жылдын жаз айларынан бери жол куруу иштер кайрадан жанданган.

Б.Раимкулов, Жалал-Абад медиаборбору.