Кытай бир катар америкалыктар үчүн визалык чектөөлөрдү киргизет

КЭР Ички иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзяндын расмий билдирүүсү боюнча Кытай Гонконгдун иштерине кийлигишип жаткан америкалыктарга карата визалык чектөөлөрдү киргизет.

Буга чейин Вашингтон “Гонконгдун автомониясына доо кетиргендиги жана адам укуктарын бузгандыгы үчүн” дал ушундай эле чектөөлөрдү Кытай коммунисттик партиясынын бир катар аткаминерлерине карата киргизген.

Чжао Лицзян: “Гонконгдун улуттук коопсуздугу жөнүндө мыйзам долбоор Кытайдын түздөн-түз ички саясатына тиешелүү жана ага кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок экендигин” баса белгилеген.