«

Экс премьер министр Мухамбеткалый Абылгазиевдин мындан эки ай мурун эле амбициясы ай чапчып, парламенттик шайлоого катышып, андан ары спикер, андан кийин 2023-жылы президенттик тактыга ат салышуу кыялы бар эле. Ал тургай Кремилден таасирдүү күчтөргө чыкканга аракеттенип, «ГазПром Кыргызстан» ишканасынын директору Болот Абилдаевди ортого сала баштаган.

Албетте, шайлоого эки кочкордун башы бир казанда кайнабай жаткан «Кыргызстан» партиясы менен барып, Шаршенбек Абдыкеримов жана Канат Исаевдин ич ара урушун жөндөмөк. Премьерден кетээри менен Канат Исаев ар кандай интригаларды уюштуруп жатып, Абылгазиевди «Кыргызстанга» кошпой коет. Мухамбеткалый Дуйшекеевич айрым таасирдуу адамдарды салып, «Биримдик» партиясын шайлоодо баштап баруу ниетин билдирет.

Алгач бул партиянын көзүрлөрү экс премьердин бул партия менен шайлоого барууга макулдугун беришип, бирок алдынкы орунду берүүгө макулдук беришпейт. Акыры талашып-тартышып отуруп, Абылгазиевди бул партиядан да коргулору келишпей, аны суруп чыгарышат. «Биримдикчилер» биздин мучо эмес деп Абылгазиевди жанына жуутпай жаткандарынын себеби ушунда.