Спикер Дастан Жумабеков азыркы бийликти дайым ыңгайсыз абалга калтырып келет. Эсиңиздердеби Жогорку Кеңеш бейшемби күнү мыйзамдарды таңгактап кабыл алып, жок кворум менен бир канча мыйзам долбоорлорду өткөрүшкөн.

Көрсө андай космостук ылдамдык менен иштөөнүн сыры башкада экен. Спикер астыртан аракет кылып, жума күнү Жогорку Кеңештин акыркы жыйынын өткөрүп, эшикти жаап, гимн ырдашып, ММКнын катышуусусуз алтынчы чакырылыштын ишин жыйынтыктап кетишмек болушат. Андай «космостук ылдамдыктагы» иштөөнүн мааниси президенттик адмнистрацияга жетип калып, спикерди ак үйдүн бир чоң үлкөнү ашата сөккөнү боюнча тар чөйрөдө маалымат тарады.

Ал үлкөн «Силер дагы президентти подстава кылып жатасынар, жаны бекиген өкмөттүн курамынын антын Жогорку Кенеш жок ким кабыл алат, ушунча да сабатсыз болосуңарбы» деп ашатат. Анан эсине келген спикер коштошуу аземин шейшемби күнгө жылдырып, адмнистрация менен макулдашып, жаңы өкмөттүн антын кабыл алууга, андан кийин тарап кетүүгө макулдук алат. Мына ушундай…