Жогорку Кеңештин депутаты Гулшат Асылбаеванын «Маалыматты манупуляциялоо» мыйзамынын демилгечиси негизинен өкмөт апппаратындагы айрым чиновниктер болгон. Гулшат Асылбаева жана дагы бир айрым депутаттар менен сүйлөшүү жүргүзүшүп, жалпы палата колдоп берүүгө жардам берерлерин айтышкан. Бирок алар коомчулук мынчалык реакция кылаарына ишенген эмес.

Эми болсо дал ошол өкмөттөгү айрым адамдар Гулшат Асылбаеваны » саясаттын сары улагы» кылып, бийликтин кадырын көтөрүү максатында бийликти бул мыйзамга кол койбоо боюнча көндүрүү иштерин баштады.

Ушинтип, бир депутаттын кадырын тебелоо менен өкмөт өз абройун сактап калгысы келип жатат.