Бүгүн, 30-июнда күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +25…+30

Талас облусунда +23…+28

Баткен облусунда +27…+32

Ош жана Жалал-Абад облустарында +27…+32

Ысык-Көл облусунда +19…+24

Нарын облусунда +19…+24

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын күндүзгү температурасы +27…+29 градус болот.