Ошто жаш балалуу келиндин үйүнөн курал-жарак, граната табылды

920

26-июнь күнү Ош ОИИБдин мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ок атуучу курал, ок-дарылар жана граната табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы   кабарлашты.

Табылган куралдар:

– ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу мылтык;

– РГД-5 үлгүсүндөгү граната;

– 7,62 мм калибрдеги 31 ок.

Алынган куралдар таандык болгон адамдар:

– 2014-жылы куралдуу салгылашууга катышуу үчүн Сирияга чыгып кетип, ошол жакта каза болгон 1985-жылы туулган Р.О.;

– 2014-жылы куралдуу салгылашууга катышуу үчүн Сирия мамлекетине чыгып кеткен 1989-жылы туулган Р.Ф.;

– 2018-жылдан бери Россияда жүргөн 1978-жылы туулган Р.А.

Куралдар Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунун тургуну, жогоруда аталган жарандардын бир тууганы — 1983-жылы туулган Р.М.нын (аял киши) үйүнөн табылды. Ага 2017-жылы улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын колундагы баласы эрезеге жете электигине байланыштуу соттун өкүмү 2029-жылы күчүнө кирет.