Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен 2 кишини издөө иштери дагы деле улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган тургундары Өрнөк айылында жайгашкан. Көкөмерен дарыясына балык кармоого кетишкен. Алар ошол күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө.

Куткаруучулар тарабынан издөө иштери күн сайын жүргүзүлүп, бирок натыйжа боло элек.