Бир сутка ичинде өлкө боюнча 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

371

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 33
• Чүй облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 4
• Нарын облусунда – 2
• Талас облусунда – 7
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 830 учур катталды, алардын ичинен 442 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.