COVID-19 инфекциясынан 7 адам каза болду

726

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Каза болгон жарандар:
1. Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);
2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);
3. №2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);
4. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
5. Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).

Жалпы каза болгондордун саны 57 кишини түздү.