Театр кийим илүүчү жайдан башталат демекчи, милиция кызматы нөөмөт бөлүмүнөн башталат… Нөөмөт бөлүмүнүн негизги милдети кайрылууларга тынымсыз жана оперативдүү реакция кылуу. Түшкөн малыматтар дал ушул жерден сорттолуп, жол кыймылынын коомсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тешелүү түзүмдөрүнө жөнөтүлүп, ыкчам тергөө тобу жөнөтүлөт. Нөөмөт бөлүмүндө кайрылуулар тыгыз көзөмөлгө алынып, бардык кайрылуулар кырсыктар тууралуу билдирүү китепчесине катталат. Нөөмөт бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндөгү ыкчам жана убагында чара көрүүсүнөн бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу аныктоого зор өбөлгө берет.

Алар күнү-түнү чоң күч менен иш алып барат. Бул жерге республика аймагындагы укук бузуулар боюнча бардык маалыматтар чогултулат. Нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери күнү-түнү кезектешип иш алып барышат. Кылмыш, жорук, бузууларды изи сууй электе так малыматтардын негизинде ачылаарын эске алуу менен, кызматкерлер ишине так, канчалык алар ыкчам чара көрүшсө, кырсык болгон аймакта адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактаганга мүнкүнчүлүк болооруна жоопкерчилик менен карашат. Учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы нөөмөт бөлүмүндө көп жыл кызмат өтөгөн, жакшы даярдыктагы, ички иштер органдарында көп жылдан кызмат өтөгөн, жаш кызматкерлерге үлгү болчу кызматкер милициянын подполковниги Абыкеев Улан Клисович. Улан Абыкеев милицияда 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн.

Кызматын Бишкек шаардык ички ишер башкармалыгынын Жол кыйгуул кызматынын өзүнчө батальонунун инспекторлук кызматынан баштаган, Кесиптик даярдык бөлүмүнүн инспектору, батальондун ага тескөөчүсү, штабтын начальниги, жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги кызматтарын аркалаган. Учурда КР ИИМдин ЖКККББнын нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектору кызматында иштеп жатат. Улан Абыкеев кайсыл кызматта иштебесин өз ишине так жана жоопкерчиликтүү мамиле кылат.

Өтөгөн кызматы үчүн ИИМдин “Азамат” I,II даражадагы төш белгиси жана башка 15ден ашык ИИМдин ЖКККББ жетечилигинин сыйлыктары менен сыйланган. Үй-бүлөөлү, 3 баланын атасы. Алдыдагы мамлкеттик авто инспекциясынын түзүлгөн күнүнө карата нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлерин жана жалпы эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы кызматкерлерин куттуктап бардык курамга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында мындан аркы жетишкендиктерди каалайлы!

ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы