Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония дартына кабылып, ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ага ылайык, кечээ, 29-июнда, Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айтып, андан коронавирусту текшерүү үчүн ПЦР-тест алынган. Натыйжада COVID аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылганы белгилүү болгон.