Жогорку Раданын депутаты Вадим Рабиновичтин айтуусунда Украина жакында парламенттик республика, ал эми Владимир Зеленский тарыхка бул өлкөнүн акыркы президенти катары кирип калуусу мүмкүн.

-Жыл мурда, башкача айтканда президенттик шайлоо учурунда «элге асмандагы айды алып бермекчи» болгон Зеленский үчүн добуш берген жалпы элдин үчтөн экиси бүгүн колун шилтеп, тетири басууда-дейт саясатчы.

Ошондой эле Рабинович: -Зеленский бүгүн өлкөнү кантип башкаруу керектигин билбей калганын, бир жыл мурда эле ал: «Зеленский өлкөнүн же эң ийгиликтүү Президенти болорун же болбосо, парламенттик өлкө болуу алдында тургандыктан акыркы Президент болуп калаары тууралуу» айткандыгын белгилеп келип, учурда биринчиси ишке ашпай калгандыгына байланыштуу экинчи вариант үстөмдүк кылып жаткандыгын кошумчалаган.