Бүгүн, Жогорку Кеңеште, кезексиз жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөт мүчөлөрү ант беришти.

Алардын бардыгы Конституция боюнча элге кызмат кылууга даяр экендигин жана анттын бузулгандыгы үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартаарын убада кылышты.

Ант берүүгө президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, жаңы өкмөтттүн ишине ийгилик каалады.

«Жаңы эле өкмөт мүчөлөрүнүн берген антын кабыл алдык. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, бүгүн жан үрөп иштеп берем дедиңер. Ушул антыңарды актап, чын дилиңерден иштейсиңер деп үмүт кылам. Кырдаалды оңдой турган өкмөт болоруңарга ишенем. Азыркы кырдаалда өкмөттүн үч милдетин артыкчылыктуу багыты катары аныкташыбыз керек. Азыр сыноону өткөрүп жатабыз, кадимки жай турмуш эмес, катаал шартта иштеп жатабыз», — деди Жээнбеков өз сөзүндө.