Акыркы эки күндүн ичинде тез жардам кызматына төрт миңден ашык чалуу болгон. Бүгүнкү күндө, бардык 36 бригада толук иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Министрлик кошумча күчтөрдү салып, дагы 20 автоунаа даярдап жатат.

«Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, тез жардамды күтпөстөн стационарга жеке транспорт менен келсе болот. Бардык ооруканалар кабыл алышат, негизгиси – оорулуунун клиникалык абалына карайт. Бирок көпчүлүк жарандарда оору симптомдору билинбестен же жеңил түрдө өтүп жатат. Бул жарандар стационарга жаткырылбайт”, — деп белгиледи Каратаев.