Бүгүн, 30-июнда, Өкмөттүн жаңы тузүлгөн курамы Жогорку Кеңеште ант беришти.

Премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн курамы 17-июнда ишке киришкен. Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү расмий түрдө ант бергенден кийин кызматка расмий түрдө киришти деп саналат. Иш-чарага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн алдыда кыла турган иштери көп экенин айтып, артыкчылуктуу багытта иштөөсүн эскертип өттү. Өкмөткө бардык чыгышаларды аныктап чыгуу талабына басым жасалары айтылды.

«Өкмөт баардык чыгашаларды аныктап чыгышы керек. Анын ичинде мамлекеттик карызды жоюу боюнча да маселе бар. Донорлордон келген акчалар аныкталып, отчётун элге берүүнү талап кылам», — деди президент