Азырынча чек ара маселеси, өзгөчө тажик багытында татаал бойдон калууда. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айрым көйгөйлөр чыгып турат. Бул элдин нааразылыгын жаратып келаткан маселелер. Түшүнүп турам, элибиз ыкчам чечүүнү талап кылат. Бирок, бул маселелер бир тараптуу эмес, коңшулардын катышуусу менен чечилет.

«Албетте, бул маселелерди чечип, жагдайды ордуна коюу — канчалык олуттуу жана татаал экенин сиздер жакшы билесиздер. Ошол эле учурда бул иш куру кыйкырыкты эмес, кылдаттыкты талап кылаарын эсибизден чыгарбайлы. Сүйлөшүүлөр дайыма болуп келет. Тилекке каршы, дайыма эле биз ойлогондой, талап кылгандай шыдыр чечилип кетпейт. Өкмөттөр аралык комиссия, топтор иштеп жатат. Мамлекет башчылары менен жолуккан жерден, кайсы аянтча болбосун козголот. Президент катары мен бул маселелерди дайыма көкүрөгүмө түйүп келем. Бул иштин өтөөсүнө чыгабыз деп ишенем,-деди Жээнбеков.