Бишкек шаарынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев шаардыктарга кайрылуу жасап, соцтрамак колдонуучуларын элге дүрбөлөң салбоого чакырды.

«Акыбалды баарыбыз түшүнүп турабыз. Бүт күчтү жумшап атабыз. Ана жыгылды, мына жыгылды, кырылып атабыз, өлүп атабыз, мына өлдү дегенди токтото турбайлыбы. Дүрбөлөң, хаос, психоз эч нерсеге алып келбейт. Угуп койгулачы сураныч. Сабырдуулук жана жардамдашуу жеңет»,-деди Түлөбеав.