30-июнга карата өлкөдө илдеттен 7 жаран каза болгону маалымдалган. Анын ичинен 70 жана 46 жаштагы эки аял Ош шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Каза болгондордун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматкери Тазабекова Жамал Исмаиловна болгон. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү билдирди.

«30-июнь күнү 70 жаш курагында ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун ординатор-дарыгери Тазабекова Жамал Исмаиловнана дүйнөдөн кайтты. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алган. 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Тазабекова Жамал Исмаиловнана 1949-жылы 16-декабрда Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2 баланы энеси, жогорку медициналык билимдин ээси.1982 жылдан тартып ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунунда эмгектенип келген», — деди маалымат катчы.