«Эркек үндүү аялдан түңүл» дечү беле. Кудайга акаарат келтиргим келбей, андан Кудай сактасын. Бирок коомдо жакшы адамдар менен катар эле ушундай бир ыплас, аферист, жанына адам чыдап тура алгыс адамдар дагы болот.

Токтайым Үмөталиева деген айым алкылдап-далкылдап же эркек эмес, же насилинде мээримдүүлүгү болгон аял эмес. Улкунуп-жулкунуп, калпты-чынды койгулаштырган афирист НПО катары белгилүү эле. Батыштын акчасына кекиртеги куруган кемпайлардын бири эле. Эми «коронавирус жугуп калды деп, бул спектаклге катышып, өзүнө коронавирус жуктургандар, элди карантинге камай тургандар – булар эл душмандары», — дептир балтайып, соцтармактардан.

Тырмагынан чачынын кылда учуна чейин соолуп, алы куруп, эмне айла кыларын таппай, дене табы кайра-кайра көтөрүлүп, эптеп кекиртегинен жок дегенде суу өткөрүп жаткан адамдар Токтойымды топ тепкилегендей эле тепкилегиси келет.
Муну бөркүңөрдөй эле көргүлө. Күрөө тамырлары жарылып кеткичекти тынбай жөтөлгөндөрдүн жанына алпарып койсо, адамдык касиети ойгоноор беле? Ай ага деле ишенич жок. Мындай адамдар эптеп ишин жүргүзүп, жалдаган жактарынан акча алса болду, башка эч нерсени көрбөй калган. Көргүсү да келбей калган.

Кыскасы Токтайым Үмөталиева дагы азыркы коомдун баш оорусу же коронавирусуна айланды. Токтайымдын манжаларынын тырмактарынын алдыларына чейин, баш мээсине терең дезинфекция керек.