Экс президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмонияга кабылыпыластыкка ооруканага жатканы белгилүү болгон. Анда ооруну жактоочусунан жугуп калуусу мүмкүн деген божомол бар. Бул божомолго уулу Сеид Атамбаев  фейсбук баракчасынан жооп жазып, ага өздөрү күнөөлүү экенин ачык айткан.

Ошондой эле УКМКнын тергөө абагы инфекциянын жайылткычына айланганы, камакта отургандардын кеминде онунан COVID-19 табылганы, Атамбаевге оору анын жакындарынан жана адвокатынан жукту деген божомол “абсурд” экени, себеби аны менен жолугушуулар өтө сейрек уюштурулары жана атайын коргоочу айнек аркылуу, беткап кийип өтөрү айтылды.

УКМКнын маалымат кызматы Атамбаев 29-июнда өзүн начар сезип жатканын айткандыктан андан COVID-19га анализ алынганын, жыйынтыгы таза чыкканын, ошол эле күнү онлайн консилиумдан кийин өпкөсүнүн эки жагы тең пневмония болгону аныкталганын 30-июнда билдирди.